Акталаада » Китеп жарманкеси” өттү
Ак-Талаа районундагы 18 жалпы билим берүүчү орто мектепте үстүбүздөгү жылдын 22-августунан 26-на чейин китеп жарманкелери өткөрүлдү. Ал эми 31-август күнү коомдун өнүгүшү, келечек муундун билимдүү болушуна, мектептеги окуу китептеринин жетишсиздигин чечүүгө салым кошууга, үйдө болгон китептерди муктаждарга белек кылууга жана алмаштырууга (башка класстыкына) мүмкүнчүлүк түзүү максатында райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулду.

Айыл тургундары жаңы китептер менен таанышууда

Ата-энелерге окуу китептерин алмышп алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү


Райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинетинин башчысы Чынар Сатындиеванын маалыматына таянсак, жалпы жарменкеде район боюнча китеп фондуна 1227 китеп белек берилип, китеп фондуна киргизилди. “Класстар боюнча 986 китепти алмашууга алышты. Айыл тургундары, ата-энелер, активист жарандар, мектеп китепканачылары жигердүү катышып, колдоого алышты. Балдар колдонгон жакшы абалдагы окуу китептерин жарманкеге алып келип алмаштырып жана билим берүүгө кайдыгер карабаган жарандарыбыз демөөрчүлук менен окуу китептерин белек кылышты” деди ал.
Барчын Мамытбекова