“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Дүйнө чемпион Асан уулу Өмүрбекке «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылды

2 Сентябрь 2024 жыл 22:07
Көрүүлөрдүн саны: 84

Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгы жана Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган майрамдык салтанатта райондун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошкон бир катар жарандар менен бирге уландар арасында эркин күрөш боюнча Азиянын үч жолку жана Дүйнө чемпиону Асан уулу Өмүрбекке да Ак-Талаа районунун “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды.

Аким Ж.Жапаров Асан уулу Өмүрбекке (солдон биринчи) «Ардактуу атуул» наамын тапшырууда

Аны район жетекчиси Ж.Жапаров тапшырып, балбанды тарбиялап чонойткон ата-энесине, машыктыруучуларына ыраазычылык билдирди жана 30миң сомдун сертификатын ыйгарды.

А. Сулайманов 200$ тапшырды

Мекеме жетекчилер дагы акчалай сыйлык тапшырды

Ошондой эле СССРДин спорт чебери Мелис Сулаймановдун үй-бүлөсүнүн атынан 200$, мекеме жетекчилеринин атынан акчалай сыйлык тапшырылды. Ал эми Абдымалик Карачовго да ыразычылык кат жана акчалай сыйлыктын сертификаты тапшырылды.
Чемпиондун алгачкы машыктыруучусу Алмаз Кайыпов дагы райондук мамлекеттик администрациянын акчалай сыйлыгынын сертификаты, Ардак грамотасы жана Мелис Сулаймановдун үй-бүлөсүнүн атынан 100$ берилди.
Балбандарга жана машыктыруучусуна ак калпак кийгизип, аксакалдар бата берди.

Айыл аксакалдары балбандарга бата берип узатышты



Эске салсак, Асан уулу Өмүрбек жакында Иорданияда өткөн уландар арасындагы Дүйнө чемпионатында алтын медаль жеңип алган.

Барчын Мамытбекова