Бүгүн Ак-Талаа районундагы 18 орто мектепте жаңы окуу жылы башталды. Ар бир мектепте Билим күнүнө арналган салтанат өткөрүлүп,ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ардагер мугалимдер, ата-энелер, мектеп окуучулары жана мугалимдер жамааттары катышты.

Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Динара Исамамбетованын маалыматына караганда быйылкы окуу жылында 611 бала электрондук каттоо менен мектеп босогосун аттап, биринчи класска кабыл алынды.
Бардык класста Кара Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата “Мамлекеттүүлүктү түптөгөн аталар” темасында тарбиялык сааттар өтүлдү.