“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада башталгыч класстын окуучулары китеп менен камсыз болду

3 Сентябрь 2024 жыл 21:26
Көрүүлөрдүн саны: 86

Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин 1-4-орус классынын окуучулары китеп менен 99% камсыз болду.

Жаңы сатылып келинген китептер


Мектеп директору Астра Токтогулованын маалыматына таянсак 2023-2024-окуу жылынын соңунда ата-энелер балдары үчүн сатып алган окуу китептерин мектепке өткөрүп беришкен. “Ата-энелер үйдө балдары окуп бүткөндөн кийин мектеп китепканасына 705 даана китеп өткөрүп беришти. Бул биз үчүн абдан зор  колдоо жана  ата-энелерге  чон ыраазычылык айтабыз.  Мындан сырткары мектептин көмөкчү чарбасына көп жылдык эспарцет айдаганбыз. Аны сатып, 105 760 сомго 420 даана китеп сатып келдик. Ошондой эле билим берүү министрлигинен дагы 200дөн ашык китеп келген. Башталгыч орус класста окуучу көп болгондуктан китеп таңсыктыгын жоюп, окуучулардын толук китеп менен камсыз болуусу үчүн бардык аракеттерди жумшап жатабыз” деди ал.

Барчын Мамытбекова