“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Дзюдочу Азима Конокбаева Азия чемпионатында коло байге жеңип алды

3 Сентябрь 2024 жыл 20:51
Көрүүлөрдүн саны: 101

Ак-Талаа районунун Баетов айылынын кызы Азима Конокбаева дзюдо боюнча Азия чемпионатында 70кг.салмактагылар арасында коло медалга ээ болду.

Азима Конокбаева

Бул тууралуу райондун спорт инструктору Фархат Өскөнбаев билдирди.
«Азима өткөн жылдан бери Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы республикалык спорт колледжде билим алып келет. Спорт чөйрөсүнө аралашканына бир жыл болгонуна карабастан спортто өтө жакшы ийгиликтерди көрсөтүүдө. Ал буга чейин өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын чемпиону болууга жетишкен. Бир топ эл аралык, дүйнөлүк чемпионаттарга катышып, жеңиштерди багындырып келе жатат. Дзюдо боюнча спорттун чебери болууга жетише алды», — деди Ф.Өскөнбаев.

Барчын Мамытбекова