“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ак-Талаанын Ак-Кыя айылында в волейбол боюнча мелдеш өттү

5 Сентябрь 2024 жыл 13:36
Көрүүлөрдүн саны: 77

Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Кыя айылында жергиликтүү кеңештин депутаттарынын демилгеси жана колдоосу менен спорт сүйүүчүлөр арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Мелдеш жергиликтүү кеңештин депутаттарынын демилгеси менен уюшулду


Аталган айылдагы Асаналы Абдраимов атындагы орто мектебинин директору Гүлмира Султаналиеванын айтымында, мелдеш Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгы жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата жаштар арасында жана 40 жаштан жогорку спорт сүйүүчүлөр арасында уюштурулуп, байге фонду 100 миң сомду түздү. Жыйынтыгында: 40 жаштан жогоркулар арасында;

Жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу учуру

— 1-орунду «Депутаттар» командасы камсыздап, кубок, медаль, диплом жана 20 миң сом,
— 2-орунду «Биримдик» командасы ээлеп, медаль, диплом жана 16 миң сом,
— 3-орунду «Ынтымак» командасы жеңип, медаль, диплом жана 15 миң сом менен сыйланды.

Жаштар арасында;

— 1-орунду «МВД» командасы камсыздап, кубок, медаль, диплом жана 15 миң сом,
— 2-орунду «Шумкарлар» командасы ээлеп, медаль, диплом жана 15 миң сом,
— 3-орунду «Намыс» командасы жеңип, медаль, диплом жана 10 миң сом,
— 4-орунду «Ынтымак» командасы утуп, диплом жана 10 миң сом менен сыйланды.
Мындан тышкары, утулган командаларга жана мыкты оюн көрсөткөндөргө дагы акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Барчын Мамытбекова