Ак-Талаа районундагы Баетов айыл аймагына караштуу Терек айылында союз тарагандан бери алгачкы жолу силос жасоо колго алынды.
Маалыматка караганда Терек айылынын Сооронбай чөлкөмүндө «Талаа күнү» аталыштагы чыктуу тоют камдоо, жүгөрү өстүрүү, силос даярдоо жана бастыруу тууралуу «Алтын-Буудай-Арпа» айыл чарба кооперативинин базасында семинар өткөрүлдү. Семинарга облустук, райондук бийликтин өкүлдөрү, айыл чарба бирикмелердин башчылары, дыйкандар жана фермерлер катышты.
Семинардын жүрүшүндө Ак-Талаа райондук айыл чарба департаментинин башчысы Уланбек Казиев дыйкандарды чыктуу тоют камдоого чакырып, алгач өзү 1 гектар аянтка «Пионер» сортундагы тоюттук жүгөрү айдаганын айтып, райондо союз тарагандан бери алгачкы жолу силос даярдоо аракети башталганын белгиледи.
«Союз тарагандан бери бизде чыктуу тоют камдоого көңүл бурулбай келген. Быйыл район боюнча жалпы 12 гектар аянтка жүгөрү эгилди. Эмгектенүү, бардык агро талаптарды аткаруу менен жүгөрү өстүрүүгө болот экен. Эң негизгиси, жүгөрү сууну көп талап кылары анык болду. Биздин шартта колдон келсе 3 жолу сугарсак, түшүмдү мол берчүдөй. «Алтын-Буудай-Арпа» айыл чарба кооперативи эксперимент кылуу, дыйкандарга көрсөтүү, чыктуу тоют камдоону жайылтуу максатында 1 гектар аянтка жүгөрү айдаганбыз. Жүгөрүнү оруп-жыйноо өнөктүгүн баштадык. Кудай буюрса, 35-40 тонна түшүм алабыз деген ойдобуз»- деди Уланбек Казиев
Чыктуу тоюттарды камдоо боюнча тренер-консультант Ойрот Оторов силосту даярдоонун эрежелерин айтты.
«Силос негизинен дан өсүмдүктөрүнөн даярдалат. Силос — жүгөрүдөн, буурчактан, арпадан жасалат. Дан өсүмдүктөрү жакшы быша элек кезде же тактап айтканда сүт камыр кезинде чаптырып алыш керек. Мисалы, жүгөрүнүн данын алып, катуурак басып көрсөңөр сүт чачырайт. Мындайча айтканда «балык көз» деп коёт. Жүгөрүнүн даны балыктын көзүндөй болуп мөлтүлдөп калган учуру да. Ушундай учурда оруп-жыйнап алып, силос жасаш керек. Атайын техниканын жардамы менен майдаланган жүгөрүнү траншеага төгөбүз. Траншеанын тереңдиги 2 метрден кем болбошу керек. Траншеанын алдына 50 сантиметрден кем эмес саман төшөп, кара плёнка салып, ага майдаланган жүгөрүнү төгүп, ачыткы (закваска) сээп, 50 сантиметр сайын оор техника менен тебелеп, таптап туруш керек. Өзгөчө, төрт бурчу менен чектерин жакшылап таптоо зарыл. Ачыткыны колго деле жасап алса болот. 300 литр жылуу сууга кадимки кумшекерди кошуп дасаса болот. Бирок, учурда даяр ачыткылар сатылат. Бир пакети 2500 сом. 1 пакет ачыткыны 300 литр жылууга кошуп, чачып турабыз. 300 литр ачыткы 70-75 тоннага жетет. Андан соң, жакшылап жаап, үстүн 20 сантиметр топурак менен көмүп коюш керек. 3 айдан 6 айга чейинки пралыкта силос даяр болот», — деди О.Оторов.
Ал эми район акими Жумадилла Жапаров 2 жылдан бери сафлор жана жүгөрү аянттарын кеңейтүүгө аракеттер жасалып жатканын айтты.
«Ак-Талаа мал киндиктүү жер болуп, жергиликтүү тургундар дээрлик бардыгы мал чарбачылыгы менен алектенгендиктен чыктуу тоюттарды камдоо боюнча аракеттер көрүлүп жатат. Ал үчүн жүгөрү өстүрүүнү баштаганбыз. Бирок, жүгөрүнү себүү, түптөө, жыйноого айыл чарба техникалары дээрлик жок болчу. Бул боюнча дагы аракеттер көрүлүп, Баетов жана Ала-Буга айыл өкмөттөрүнө техникалар алынып келинди. 2-3 жылдан бери сафлор жана жүгөрүнүн аянттарын кеңейтүүнүн үстүндө дыйкандар менен биргеликте аракеттерди көрүп жатабыз», — деди район акими.
Барчын Мамытбекова