Ак-Талаа районунда дыйкандар акыркы үч жылдан бери сафлор эгип, жыл сайын аянтын кеңейтишүүдө. Алгачкы жылы болгону 3 га аянтка гана айдалса, быйыл анын аянты 60 га жеткен. Учурда жеке ишкер Айкылбек Абдылдаев чакан ишканасында зыгыр майын өндүрүп келет. Райондун дыйкандары гана эмес, сырттан дагы дыйкандардын талабын канааттандырып келет. Жакында Нарын районунун дыйкандары 12 тонна сафлорун алып келишкен.
Барчын Мамытбекова