Ак-Талаа районундагы Баетов айыл аймагына караштуу Баетов айылынын көчөлөрүнө жол сызыктары чийилүүдө.
Жол сызыктары чийилүүдө
Жол сызыктарын чийүүгө айыл тургуну Акылбек Абдылдаев демөөрчүлүк кылган
Ак-Талаа райондук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө тобунун башчысы, милициянын майору Асыкбек Шакуловдун айтымында, аталган айылдын тургуну Акылбек Абдылдаевдин демөөрчүлүгү менен Манас жана А.Султаналиев көчөсүнүн кесилишине жөө жүргүнчүлөр жол сызыктары чийилди.
Асыкбек Шакулов-Ак-Талаа райондук ЖККК тобунун башчысы, милициянын майору
«Учурда айлампа жолдун кесилиши чийилди. Мындан тышкары, райондук оорукананын, Дөрбөлжүн аянтына, кесиптик лицей жана мектеп, бала бакчалар жайгашкан көчөлөргө жол сызыктары чийилет. Жол сызыктардын чийүүгө Акылбек Абдылдаев мырза өз каражатынан демөөрчү болуп берүүдө», — деди Асыкбек Шакулов.
Барчын Мамытбекова