“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

«Мен кыргызстандык экениме сыймыктанам» сынагы өттү

27 Сентябрь 2024 жыл 11:10
Көрүүлөрдүн саны: 130

Ак-Талаа районундагы К. Султангазиев атындагы маданият үйүндө “Мен кыргызстандык экениме сыймыктанам” аттуу аймактар аралык сынактын райондук баскычы өткөрүлүп, ага 7 – 17 жаштагы 54 жаш талант катышты.

Сынактын жобосуна ылайык катышуучулар ыр, элдик жекече бий аткаруу, улуттук аспапта ойноо боюнча таланттарын сынга коюшту.
Ак-Талаа райондук балдардын билим берүү борборунун жетекчиси Айнура Баязованын айтымында сынак өзгөчөлөнгөн жаш аткаруучуларды аныктоого жана колдоого, алардын чыгармачыл дараметин ишке ашырууга жана балдар чыгармачылыгы аркылуу мамлекетибиздин маданиятын таанытууга багытталган.


“Бул сынак КР билим берүү жана илим министрлиги менен бир нече өнөктөш уюмдардын уюштуруусунда жөндөмдүү жана таланттуу жаш аткаруучуларды аныктоо жана колдоо, кыргыз маданиятын балдардын чыгармачылыгы аркылуу таанытуу жана жайылтуу, Кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын сактоо максатында өткөрүлүп келет” деди ал.
Сынак үч жаш курактык баскычта (7-11, 12-14 жана 15 -17) өткөндүктөн ар бир баскыч боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.

 

Алар сынактын облустук туруна катышат.
Эскерте кетсек, аталган сынак КРнын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгын жана “Инсанды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” Концепцияны ишке ашыруу алкагында уюштурулду.

Барчын Мамытбекова