“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаалык Динислам Туркиянын аскердик окуу жайында окуп жатат

6 Октябрь 2024 жыл 18:54
Көрүүлөрдүн саны: 86

Ак-Талаа районундагы  Баетов айлынын 20 жаштагы тургуну Динислам Бакытбеков Турция өлкөсүнүн аскердик институтуна окууга өттү. Апасы Гүлнара Алпарованын айтымында Ш.Бейшеналиев атындагы инноввациялык орто мектебин  аяктагандан кийин эки жыл Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында IT тармагында  окуган.

Динислам атасы Бакытбек Султанов менен

Динислам Бакытбеков

Динислам чон энеси менен

Динислам Бакытбеков (ондон экинчи жана Гүлнар Алпарова апасы-ондон биринчи)

«Биздин 3 уул, 1 кызыбыз бар. Динислам экинчи уулубуз. Ал кичинекей чагынан бери эле «аскер кызматкери болом» дечү. Биз «аскер адамы болбой эле кой» деп, юридикалык академиянын айтишник жагына окутуп койгонбуз. Бул окууну 2 жыл окуп эле улантпай таштап салды. Быйыл сентябрда Турциянын аскердик институтуна окууга тапшырып, жалаң жакшы баалар менен өтүп кетти. Бюджеттик институт экен. Ал аскер институт Кыргызстанга 2 гана квота берилиптир. Баткен облусунан бир бала жана Динислам институтка өттү. Институтта 5 жыл билим алат экен. Учурда Анкара шаарында билим алып жатат. Өзү дагы физика, химия, орус тили, англис тили, тарых, математика сабактарынан кайрадан кошумча билим алып, окуп чыкты. Анан «балдар окугусу келсе өздөрү эле аракет кылып окуп коёт турбайбы» деп ойлоп койдум», — деди апасы Г.Алпарова.

Барчын Мамытбекова