“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Коңорчок айылында кызыл сызыктан чыккан курулуштарды буздуруу үчүн белгилер коюлду

6 Октябрь 2024 жыл 19:00
Көрүүлөрдүн саны: 31

Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Коңорчок айылында кызыл сызыктан чыгып кеткен объектилер буздурулат.

Маалыматка караганда  Ала-Буга айыл өкмөтүнүн башчысы Улукбек Нуралиев 1-октябрь күнү тиешелүү адистер менен биргеликте Коңорчок айылынын жашоочуларынын маселелерин жеринде чечүү максатында иш алып барышты.

Оьбектилердин чегин картадан карап, белги коюшту

Карта боюнча ченөө иштери

Иштин жүрүшүндө, айылдагы кызыл сызыктан чыгып кеткен курулуштарды аныктоо үчүн, атайын карта менен ченелип, белгилер коюлуп көрсөтүлдү. Кызыл сызыктан чыгып кеткен, туура эмес курулган ар бир курулушту жылдыруу үчүн жарандарга 10 күн убакыт берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Барчын Мамытбекова