“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада Чычырканак кечүү каналы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатат

11 Октябрь 2024 жыл 13:29
Көрүүлөрдүн саны: 6

Ак-Талаа районундагы Ала-Буга айыл аймагына караштуу Кош-Дөбө айылында Чычырканак кечүү каналы Нарын Теңир Тоо өнүктүрүү фонду аркылуу оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатат.
Ала-Буга айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Айнура Медетованын маалыматына караганда долбоордун жалпы суммасы 5млн 961 миң сомду түзөт.

1км канал оңдолууда

Табигый жер кыртышына  казылган канал

Иштин 95% аяктады


“Суу каналдын узундугу жалпы 2630км.болсо 1.2 км темир бетондон, 430метр аралыгы лоток түрүндө курулган. Ал эми табигый жер кыртышына казылган 1000м арыкка цемент куюлуп жатат. Жергиликтүү бюджеттен 596миң 200 сом өздүк салым катары бөлүнгөн. Тендерде «Аска-Стар»жоопкерчилиги чектелген коому жеңип алып, азыр оңдоп-түзөө иштеринин 95% бүтүп калды. Бир жума аралыгында пайдаланууга берилет” деди.
Аталган канал аркылуу Кош-Дөбө айылынын күн чыгыш тарабындагы 500га айдоо жерлери жана айыл ичиндеги бакчалар сугарылат.

Барчын Мамытбекова