“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада Кыргыз милициясынын 100 жылдыгы белгиленди (Сүрөт баян)

2 Ноябрь 2024 жыл 17:49
Көрүүлөрдүн саны: 22

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленип, ага райондук тиешелүү бийликтин өкүлдөрү, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү, милициянын ардагерлери, айыл өкмөт башчылары, райондук мекеме-ишкана жетекчилери жана райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.

 

Мааракеге арналган иш-чаранын жүрүшүндө, жетекчилер тарабынан куттуктоолор айтылды. Ошондой эле, айрым милиция кызматкерлерине, милициянын ардагерлерине, милиция кызматкерлеринин жубайларына жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспекторлоруна Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын, Нарын облустук прокуратурасынын, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын, Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн, Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын, райондук аскер комиссариатынын, Баетов айыл өкмөтүнүн, райондук билим берүү бөлүмүнүн жана «Афган жана Баткен согушунун ардагерлери» коомдук бирикмесинин ардак грамотасы, ыраазычылык каттары, юбилейлик медалдары жана белектери тапшырылды.


Ошондой эле, Ак-Талаа райондук соту жана прокуратурасы тарабынан райондук ички иштер бөлүмүнө жазуучу Чыңгыз Айтматов менен коомдук саясий ишмер Исхак Разаковдун картинасы тапшырылды.

Барчын Мамытбекова