“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада окуучулар арасында интеллектуалдык сынак өттү

4 Ноябрь 2024 жыл 20:50
Көрүүлөрдүн саны: 21

Ак-Талаа районунда окуучулар арасында «Билим кубогу» аталыштагы интеллектуалдык сынак өткөрүлүп, жеңүүчүлөрү аныкталды.
Белгилүү болгондой, жаш активист Бактияр Качыбеков менен Карлыгач Эсенбекова тарабынан мектеп окуучулары арасында кыргыз тилин өнүктүрүү, жаштардын билим деңгээлин аз жогорулатуу жана окууга болгон кызыгуусун арттыруу, руханий жана интеллектуалдык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү максатында уюштурулуп, жеңүүчү командаларга демөөрчүлөр тарабынан акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Сынактын жеңүүчүлөрү

Сынактын жүрүшүнөн бир көрүнүш

Сынакка мыкты даярдыкта келишкен

Сынактын жүрүшүнөн

Жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды

Сынактын жеңүүчүлөрү

— 1-орунду Кызыл-Белес айылындагы Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектебинин “Билим КЖ” командасы камсыздап, кубок, диплом, китептер жана 10 миң сом байге утуп алса,
— 2-орунду Тоголок Молдо айылынын Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинин “Интеллект” командасы ээлеп, диплом, китептер жана 8 миң сом менен сыйланса,
— 3-орунду Жерге-Тал айылынын Итикул Молдобаев атындагы орто мектебинин “Ак ниет” командасы багынтып диплом, китептер жана 5 миң сом,
— 4-орунду Кара-Бүргөн айылындагы Мукаш Базаркулов атындагы орто мектебинин ”Акыл башаты” командасы жеңип ыраазычылык кат жана китептер,
— 5-орунду Баетов айылынын Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин “Келечек” командасы ээлеп ыраазычылык кат жана китептер,
— 6-орунду Терек айылындагы Калый Молдобасанов атындагы орто мектебинин “Мыктылар” командасы ыраазычылык кат китептер менен сыйланды.

Мындан сырткары, жигердүү катышкан окуучуларга ыраазычылык каттар, китептер жана ошондой эле “Секом” окутуу борборунан 25% арзандатуу менен сертификаттар тапшырылды.

Барчын Мамытбекова