Ак-Талаа районундагы Ала-Буга айыл аймагына караштуу Чолок-Кайың айылынын босогосу бүтүрүүчүлөр тарабынан тор тосмо менен тосулууда.
Тактап айтканда, Б.Календеров атындагы орто мектебин 1987-жылкы 20 жылдык бүтүрүүчүлөр аталган айылдын кире беришинин эки тарабынан тор менен тосуп, жолдун четтерине шагыл төгүшүүдө.

1987-жылкы 20 жылдык бүтүрүүчүлөр

80 машина шагыл төгүлдү

Муниципалдык ишкананын техникасы колдонулду

Жолдун эки чекесине шагыл төгүлдү

Мурда жолдун эки тарабы ачык турчу

Ала-Буга айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык бөлүмүнүн башчысы Айнура Медетованын айтымында 600м тосмо менен бирге шагылдан жөө адамдар үчүн аллея кошо жасалып жатат. “Кызыл сызыктын чектерин айыл өкмөттүн адистери тактап берип жатышат. Ал жердеги эски бак-дарактар кыйылып, ордуна тор тосмо орнотулууда. 80 машина шагыл түшүрүлдү жана 600 миң акча каражаты сарпталды. Учурда тосуу иштери аяктоо алдында турат” деди А.Медетова.
Барчын Мамытбекова