“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада добуш берүүдөн тышкары жерде 60 шайлоочу добуш берди

16 Ноябрь 2024 жыл 22:37
Көрүүлөрдүн саны: 112

Ак-Талаа районунда 60 шайлоочу добуш берүүчү жайдан тышкаркы жерде (көчмө урна) добуш берди.

Сүрөт интернеттен алынды

Ак-Талаа АШКнын төрагасы Белек Байышбековдун маалыматына караганда 66 шайлоочудан жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча арыз түшкөн.

Белек Байышбеков АШКнын төрагасы

“Участкалык шайлоо комисссиянын 3 мүчөсү, идентификациялык аппараттын оператору, ИИБнүн кызматкери менен биргеликте барышты. 60 шайлоочу добуш берди, 1 шайлоочу ден-соолугуна байланыштуу, ал эми 5 шайлоочу идентификациядан өткөнү менен дүмүрчөк жана бюллетень чыккан жок, ошол себептүү байланыштуу добуш бере алган жок” деди.
Жаш курагына жараша майыптыгы, оорусуна байланыштуу же дагы бир себептер менен (үзгүлтүксүз иш, аскер кызматындагылар, стационардык дарылоо мекемесиндегилер ж.б) шайлоо тилкесине бара албаган жагдайда шайлоо округу бекитилгенден тартып шайлоого 3 күн калганга чейин арыз берүүлөрү керек.

Барчын Мамытбекова