Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айыл аймагында жаңы шайланган жергиликтүү кеңештин депутаттарына мандат жана төш белги тапшыруу аземи белгиленип, ага райадминстрациянын аппарат башчысы А.Андашов, АШКнын төрагасы Б.Байышбеков жана айыл өкмөт башчысы С.Мыктыбеков катышты.

Мандат тапшыруудан соң, кеңештин алгачкы отуруму өттү. Анда шайлоодо 347 добуш алган Гүлсара Бегимкулова, 252 добуш алган Семетей Касмалиева жана 216 добуш алган Манас Алыбаевдин талапкерлиги төрагалыкка көрсөтүлгөн. Жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 13 добушка ээ болгон Гүлсара Бегимкулова кеңештин төрайымы болуп шайланды.

Гүлсара Бегимкулова(солдо биринчи)-Тоголок Молдо айылдык кеңешинин төрайымы
Ал эми С.Касмалиев 4, М.Алыбаев 2 добуш алган. Төрайымдын орун басары болуп 229 добуш алган Таалайбек Исаков жалпы депутаттардын колдоосун тапкан.
Барчын Мамытбекова