“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаадагы маданият үйүнө жаңы музыкалык инструменттер келди

19 Декабрь 2024 жыл 11:33
Көрүүлөрдүн саны: 91

Ак-Талаа районундагы Кайыпбек Султангазиев атындагы маданият үйүнө жаңы музыкалык инструменттер келди.

Жандуу үн менен ырдоо колго алынат

Бас жана соло гитара

Маалыматка караганда КРнын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен 300миң сом акча каражаты каралып, тендер жарыяланган. Жыйынтыгында 274миң 200сомго компьютердик комплект, урма аспап, соло, бас гитара жана сабвуфер (басс жана суб-басс сыяктуу басстарды чыгарган динамиктин бир түрү) колонкасы алынып келинди.
Маданият үйүнүн директору Курманжан Тиленбаеванын айтымында мындан 30 жыл мурда келген гитара, урма аспаптар эскирип жок болгон. “Азыр эми элдин табити жандуу үнгө басым жасап калбадыбы. Ошого байланыштуу биз да жандуу үндү коштогон инструменттерди алып жатабыз. Буюрса инструменттерде ойноону колго алабыз” деди ал.

Барчын Мамытбекова