“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада мурунку откана ондолуп, бала бакча болуп ачылды

21 Декабрь 2024 жыл 15:53
Көрүүлөрдүн саны: 92

Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылындагы мурунку айылдык оорукананын отканасы «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жана Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен 1 млн 951 миң 300 сомго толук оңдоодон өткөрүлүп, “Жамал апа” балдар бакчасынын алдында 3 сааттык бала бакча болуп ачылды.

Оорукананын м урунку отканасы

Бала бакча эмеректер менен камсыз болду

Бала бакчанын ички көрүнүшү

Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жайдарбек Сыдыковдун айтымында, бала бакчада балдар ойноочу зал, санузел үчүн бөлмө жана кире бериш бөлмөлөр даярдалып, балдар ойноочу аянтчага оюнчуктар орнотулду.

«Жаңы ачылган бала бакча 20 орунга ылайыкталып, 2 нөөмөттө окутулат. Жалпы 40 бала бала бакчага тартылды. Ошондой эле, балдарды окутуп тарбиялоо үчүн 2 тарбиячы, 2 жардамчы тарбиячыга жумуш оруну түзүлдү. Бул кыска мөөнөттүү бала бакчада калктын социалдык жактан аялуу катмардагы балдарды колдоо максатында окутуп-тарбиялоо иштери жүргүзүлөт. КРда билим берүүнү өнүктүрүү программасынын максаттарына жана милдеттерине ылайык, бардык балдарга, анын ичинде калктын социалдык жактан аялуу катмарларына мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу. Кыска мөөнөттүү бала бакчага кабыл алууда атасы жок балдарга, 5 жана андан көп балалуу үй-бүлөлөрдүн, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, аз камсыз камсыз үй-бүлөлөрдүн, тышкы жана ички мигранттардын балдарына өзгөчө артыкчылык берилет», — деди Жайдарбек Сыдыков.

Барчын Мамытбекова