Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы «Тынчтык» бала бакчасынын алдында 3 сааттык бала бакча ачылды.

Бала бакчанын администрациясына кошумча бир бөлмө салынды
Акимдин орун басары Каныбек Эсеналиевдин айтымында, КРнын билим берүү жана илим министрлигинин «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун негизинде «Тынчтык» бала бакчасынын буга чейин администрациясы болуп келген корпусу Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен 2 млн 800 миң сомго оңдоодон өткөрүлдү.

3 сааттык бала бакчада 4 жумушчу орун түзүлдү

Бала бакчанын ачылышына салым кошкон жарандарга Грамоталар тапшырылды


Тактап айтканда кошумча бир бөлмө салынып, таза суу киргизилип, санузели жана жылытуу тутуму орнотулуп, 3 сааттык бала бакча болуп ачылды. Мындан тышкары, имараттын чатыры жергиликтүү бюджеттен 124 миң сомго алмаштырылды.
Бул 2 тайпадан турган 3 сааттык бала бакчага 40 бала тартылып, балдарды тарбиялоо жана окутуу үчүн 2 тарбиячы жана 2 жардамчы тарбиячы ишке орношту.
Барчын Мамытбекова