“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Туристтерден 8млн сомдон ашык киреше түшкөн

6 Февраль 2025 жыл 13:49
Көрүүлөрдүн саны: 78

Нарын облусунун Ак-Талаа районуна өткөн жылы 3829 чет өлкөлүк туристтер келген.

Акимдин орун басары Каныбек Эсеналиевдин айтымында, 2024-жылы 6905 ички туристтер келип, алардан 2 млн 792 миң сом киреше түшсө, ал эми тышкы өлкөлөрдөн 3829 турист келген. Алардан 5 млн 241 миң сом киреше түшкөн. Жалпы, 2024-жылы келген туристтерден 8 млн сомдон ашык акча каражаты түшкөн. 2024-жылы келген туристтердин саны 2023-жылга салыштырмалуу 2842 туристке кѳп келген.

Туристтердин көпчүлүгү Корея, Израиль жана Европа өлкөлөрүнөн келишет

Соң-Көлдө туристтер үчүн жакшы шарттар түзүлгөн

«Туристтер бардык эле өлкөдөн келишти.  Көпчүлүгү, Корея, Израиль жана Европа өлкөлөрүнөн көп келди. Туристтерди тартуу максатында жыл сайын июль айынын акыркы жумасында “Манас, маданият жана туризм» фестивалы өткөрүлүп турат. Туристтер үчүн өзгөчө Соң-Көл жайлоосунда жакшы шарттар түзүлгөн», — деди К.Эсеналиев

Барчын Мамытбекова