Ак-Талаа районундагы Ала-Буга айыл аймагына караштуу Кош-Дөбө айылында жыл жаңыргандан бери Гепатиттин А түрүнүн жаңы 21 учуру катталган. Булардын ичинен 11и мектеп окуучулары арасында, калган 10у айыл тургундары болуп саналат.
Нарын район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Ак-Талаа району боюнча жетекчиси Эрлан Бекишовдун маалыматына караганда илдет катталган аймакта бардык иш чаралар жүргүзүлүп жатканы менен илдеттин таралуусу токтой элек.

Эрлан Бекишов-Нарын район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Ак-Талаа району боюнча жетекчиси (Сүрөт архив)
“Гепатиттин А түрү Кош-Дөбө айылында 2024-жылдын сентябрь айында катталып баштаган. Катталган учур көбөйүп, бейтаптардын 11и РЖДПБда, калган 17не үйдө амбулатордук түрдө дарыланышкан. Булардын 23ү мектеп окуучулары болгон. ҮДТнын кызматкерлери жеринде көзөмөлдөп, эл арасында илдетти алдын алуу, санитардык эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүп жатат” деди Э.Бекишов.
Барчын Мамытбекова