“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Билим берүү мекемелериндеги видеокамераларды ИИМ көзөмөлдөйт

22 Февраль 2025 жыл 9:36
Көрүүлөрдүн саны: 145

Билим берүү мекемелериндеги видеокамераларды эми ИИМ көзөмөлдөйт. Мындай маалыматты балдар арасындагы жана үй-бүлөдөгү балдарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу максатында өткөн жыйында айтылды.
Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары Бакыт Кылычбек уулунун айтымында учурда мектеп, бала бакчаларда видеокамералардын маркаларын такталууда.

Бакыт Кылычбек уулу РИИБнүн башчысынын орун басары

“Кибер коопсуздук алдын алуу максатында билим берүү мекемелериндеги видеокамераларды ИИМне кошуу аракеттери көрүлүп, мындан сырткары кароолчу(охрана), металлодетектор коюу талаптары болуп жатат. Анткени азырынча РИИБдө байкоочу тех.каражаттар коюла элек. Биздин жаш өспүрүмдөр менен иштөө кызматынын 6 кызматкери аймактагы 18 мектеп, 1кесиптик лицейди тейлейт. Бул ар бир кызматкерге 1347 окуучу туура келет дегендик. ИИМден биздин районго дагы жаш өспүрумдөр менен иштөөчү 4 кызматтык бирдик сурап жатабыз” -деди Б.Кылычбек уулу.
Азырынча ИИБдө видеокамераларды көзөмөлдөөчү тех.каражаттар жок, ошол себептүү ИИМ тарабынан көзөмөлдөнүп турарын кошумчалады.

Барчын Мамытбекова