Ак-Талаа районундагы Баетов айылында КРнын маданиятынын мыкты кызматкери, «Арыба кыргызымдын нарктуулугу» долбоорунун негиздөөчүсү Жылдыз Коконбай кызынын демилгеси жана демөөрчүлүгү менен «Арыба кыргызымдын нарктуулугу» аттуу маданий долбоордун алкагында Ак-Талаа райондук «Абалак Ордо» федерациясы түзүлүп, анын урматына байге фонду 100 миң сомду түзгөн Абалак ордо оюну уюштурулду.

Ал эми жаңы уюштурулган федерациянын төрагасы болуп Коконбай Келгенбаев, анын орун басарлыгына Олег Итикулов шайланды.
Оюндун жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, акчалай сыйлыктар, белектер жана кубок тапшырылды.

«Арпа» командасы кубокту жеңип алды





Оюндун жеңүүчүлөрү

— Башкы байгени «Арпа» командасы багындырып,
25 миң сом жана кубок,
— 1-орунду «Кош-Дөбө айылы» командасы камсыздап, 20 миң сом жана диплом,
— 2-орунду «Жаңы-Тилек айылы» командасы ээлеп, 15 миң сом жана диплом,
— 3-орунду «Кадыраалы айылы» жеңип, 10 миң сом жана диплом,
— 4-орунду «Тоголок Молдо айылы» командасы камсыздап, 5 миң сом жана диплом менен сыйланды.
Мындан тышкары, жигердүү катышкандыгы үчүн 3 айылдын командасына 3 миң сомдон, мыкты оюн көрсөткөндүгү үчүн 3 оюнчуга 3 миң сомдон жана мыкты калыстык кылгандыгы үчүн 3 оюн калысына 2 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды.
Барчын Мамытбекова