“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ак-Талаада жылкыларды идентификациялоо иштери жүрүүдө

24 Декабрь 2025 жыл 16:25
Көрүүлөрдүн саны: 131

Ак-Талаа районунда Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют башкармалыгына караштуу жеке ветеринардык сервистер   жылкыларга чип тагып жатышат. Быйылкы 2025- жылга 5558 баш  жылкыны идентификациялоо планы берилген болсо, учурда 15 381 баш жылкыга электрондук  чип тагылды. Бардык айылдарда бул иш аяктоо алдында турат.

«Чип жылкынын оң тарабына, жалдын алдындагы моюн этке сайылат.  Жылкыларды идентфикациялоонун негизги максаты-жаныбарлардан алынган азыктарды экспортко чыгаруу жана малдын санын тактоо менен бирге уурулукту алдын-алуу болуп саналат»,- дейт аталган башкармалыктын жетектөөчү адиси М.Токтобаев.

Барчын Мамытбекова