“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада бөбөктөр жаңы бала бакчалуу болушту

26 Декабрь 2025 жыл 21:30
Көрүүлөрдүн саны: 161

Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Тал айылында КРнын Президенти Садыр Жапаровдун аралыктан катышуусу менен 90 орундуу  заманбап эки кабат бала бакча ачылып, кызыл тасмасы кесилди.


Аталган бала бакчанын курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттен «Казыналык облигация» аркылуу каржыланып, 75 402,7 сом жумшалган. Курулуш иштерин тендерден жеңип алган «Кайыңды-М» жоопкерчилиги чектелген коому жасаган.
Аталган айылда бала бакчанын имараты авариялык абалда болгондуктан, убактылуу айыл өкмөттүн имаратында (АТРден кийин) иш алып барып келген.

Барчын Мамытбекова