“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада сүт азыктарынын 15 түрү өндүрүлө баштайт

26 Декабрь 2025 жыл 20:56
Көрүүлөрдүн саны: 138

Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагына караштуу Кара-Бургөн  айылында сүттү кайра иштетүүчү «Ак-Булак»  кичи ишканасы ачылып, пайдаланууга берилди. Аталган  кичи  ишкана өлкө башчысы Садыр Жапаровдун аралыктан катышуусунда  ачылды.


Аталган ишкананы ачууга Теңир Тоо өнүктүрүү фондунан 30 млн сом, ал эми ишкананын негиздөөчүсү Майрамбек Жакиев жана анын үй-бүлөсү тарабынан  15млн сом сарпталган. Жалпы наркы 45 млн сомду түзгөн сүттү кайра иштетүү кичи ишканасы күнүнө  1 тоннадан 3,5 тн. чейинки сүттү кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ошондой эле, жаңы ачылган ишканада 12 түрдүү сүт азыктары өндүрүлүп, 10го жакын жумушчу орун түзүлөт.
Барчын Мамытбекова