“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада Баетов аймагынын «Жыл жыйынтыгы-2025» өттү

31 Декабрь 2025 жыл 10:32
Көрүүлөрдүн саны: 153

Ак-Талаа районундук  К.Султангазиев атындагы маданият үйүндө Баетов айыл аймагынын жыл жыйынтыктоочу иш чарасы болуп, ага айыл тургундары,  жергиликтүү кеңештин депутаттары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү   катышты.

Алгач акимдин орун басары Улан Жылтыров жана Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт  башчысы Арстан Акиев бийлик  узап бараткан жылда аймактагы жасалган иштер, ийгиликтер тууралуу белгилөө менен бирге кирип келе жаткан Жаңы Жылы менен куттукташты.


Андан соң аймактын өнүгүшүнө салым кошкон атуулдарды сыйлоо аземи болду.

 

Атап айтканда, аймакта тазалыкты сактоодогу  эмгеги үчүн  » Баетов-Таза аймак» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Кадыркулов Талантбек райондук админстрациянын Ардак грамотасы менен сыйланды жана аталган ишкананын бир катар кенже кызматкерлерине Ыразычылык кат тапшырылды.

 

«Мыкты депутат-2025» Кылыч Эгембердиев

 

«Мыкты спортчу-2025» Калыс Токтобеков

«Мыкты мекеме-2025» Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектеби

Баетов айылынын «Ардактуу атуулу» наамын алгандар

Мындан сырткары аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүндө салым кошкон жарандарга Баетов айылынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды.

«Жыл мыктылары-2025»

Иш-чараны маданият кызматкерлерин жана элдик таланттардын концерттик номерлери коштоду.

Барчын Мамытбекова