“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Жаңы коюлган LED экрандардан маалыматтарды окуй алышат

4 Январь 2026 жыл 11:54
Көрүүлөрдүн саны: 149

Ак-Талаа районунун борбору болгон Баетов айылында жаңы коюлган LED экрандардан жергиликтүү тургундар, меймандар аймакта болуп жаткан маалыматтар менен таанышып, социалдык видеорликтерди көрө алышат.


Аталган экрандар Баетов айыл өкмөтүнүн демилгеси жана «Нарын Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондусунун колдоосу аркылуу жүзөгө ашырылып, айылдын борбордук көчөлөрүнө, айланма жолго коюлду.Маалыматтан сырткары каалоочулар коммерциялык негизде жарналарын дагы жайгаштыра алышат. Аталган экрандар «Баетов Таза аймак» муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берилди.

Диана Нурланова