“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Китепканачы Шаарбүбү Турдумамбет кызынын ысымы түбөлүк сакталат

6 Январь 2026 жыл 17:05
Көрүүлөрдүн саны: 139

Ак-Талаа районундагы Кара Бүргөн айыл аймагына караштуу Кара Бүргөн айылындагы айылдык китепканага өз өмүрүн  китепканага  арнаган Шаарбүбү Турдумамбетованын ысымы ыйгарылды.

Иш-чарага райондук мамлекеттик админстрация, маданият кызматкерлери, аймактын тургундары жана Шаарбүбү Турдумамбетованын туугандары катышып, эмгек жолун эскеришти.

 


Айылдык китепканага  ысымын ыйгаруу чечими 2025 жылдын 24 -апрелинде жергиликтүү кеңештин сессиясында кабыл алынган.

Барчын Мамытбекова