“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ынтымак жана сергек эс алууга үндөгөн өспүрүмдөрдүн оюну

6 Январь 2026 жыл 16:20
Көрүүлөрдүн саны: 136

Ак-Талаа районунда өспүрүмдөр арасында спортту кеңири жайылтуу, окуучулардын ынтымагын бекемдөө менен сергек жашоону жайылтуу максатында волейбол мелдеши уюштурулуп, ага аймактагы мектептерден жалпы 28 (балдар командасы-14, кыздар командасы-14) команда катышты. Мелдеш Баетов айылындагы Э.Карасартов жана Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектептеринин спорттук залында өттү.

Жыйынтыгында төмөнкү командалар, мыкты оюн көрсөтүү менен алдыңкы болушту:
Эркек балдар арасында:
1- орун Э.Мейманов мектеби;
2- орун Э.Карасартов мектеби;
3-орун С.Атамбеков мектеби;
4- орун Ж.Сатылганов мектеби;
Кыздар арасында байгелүү орундарды камсыз кылган командалар:
1- орун А.Абдраимов мектеби
2- орун Э.Мейманов мектеби
3- орун Н.Жыргалбекова мектеби
4- орун Ш.Бейшеналиев мектеби
Соңунда жеңүүчүлөр кубок, медалдар жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту. мелдешке
Белгилей кетсек, “Ырыс-Кен” ЖЧКнын өкүлү Мамбетжан уулу Руслан демөөрчүлүк кылган.

Барчын Мамытбекова