“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Муз тебүүчү жайларда этият бололу

7 Январь 2026 жыл 22:01
Көрүүлөрдүн саны: 121

Учурда Ак-Талаа районунун аймагында бир нече муз тебүүчү жайлар ачылып, эс алуучулар тынымсыз каттап турган маалы. Бирок бардык эс алуучулар коопсуздук эрежелерин сактоодо жана кырсык болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Мына ушуга байланыштуу
Кечээ Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Улан Жылтыров МЧС, РИИБнүн кызматкерлери менен биргеликте аймактагы Көк-Дөбө, Кызыл Там, Түлкү ата муз тебүүчү жайларында  коопсуздукту сактоо боюнча  түшүндүрүү иштерин жүргүздү.


Ошондой эле,  Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Жаңы-Талап айылындагы Айгыр-Жал, Кара-Ой айылындагы Ботояр тилкесинде дагы жарандардын эс алуу учурунда коопсуздугун алдын алуу боюнча маалымат берүү айыл башчыларга тапшырылды.

Барчын Мамытбекова