“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Бий үйрөнүү узак убакытты талап кылат

9 Январь 2026 жыл 10:39
Көрүүлөрдүн саны: 103

Айдай Аманбек кызы-кесиби боюнча музыка мугалими. Акыркы жылдары хореограф катары таланттуу кыздар-балдарга бий үйрөтүп, ийрим жетектеп келет.
«Өзүм бийге жакынмын, жагат бийлеген. Бул боюнча атайын курстан өтүп келдим, ийкемдүү, бийдин элементтерин, түрлөрүн жакшы өздөштүрүү үчүн дайыма аракеттенем. Ал эми бийди үйрөтүү, үйрөнүү чынында оор. Ал узак убакытты талап кылат», деди А.Аманбек кызы.


Учурда Ш. Бейшеналиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинде 30дан ашык ар кыл жаштагы окуучулардан турган бий ийримин жетектейт. Ийриминде  кыргыз  бийлери менен бирге башка элдин бийлери да үйрөтүлөт.

Баяна Токтотемирова