“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада КРнын эмгек сиңирген мугалимдин жаркын элесине арналган кезектеги турнир өттү

11 Январь 2026 жыл 22:16
Көрүүлөрдүн саны: 105

Ак-Талаа районунун Баетов айылында КРнын эмгек сиңирген мугалими, «Эл агартуунун отличниги»  Акин Токтосунованын жаркын элесине арналган волейбол мелдеши өтүп,  12 команда кызыктуу оюн көрсөттү.

Акин Токтосунованын уулу Улан Таштануловдун айтымында алгачкы тандоо туру өрөөндөрдө өтүлүп, жеңип чыккан командалар финалга катышты.  Бул мелдеш мугалимдердин ынтымагын бекемдөө максатында быйыл 3-ирет Акин Токтосунованын уул-кыздары, неберелери тарабынан уюштурулуп келет.

Жыйынтыгында кыз-келиндер арасында жеңүүчүлөр;

1-орунду алган Тоголок Молдо айылындагы Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинин командасы

2-орунду алган Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин командасы

3-орунду алган Коңорчок айылындагы Насипа Жыргалбекова атындагы орто мектебинин командасы

— 1-орунду Тоголок Молдо айылындагы Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинин командасы багындырып кубок, медалдар жана акчалай байгеге ээ болушту,
— 2-орунду Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин командасы камсыздап, медалдар жана акчалай сыйлык тапшырылды,
— 3-орунду Коңорчок айылындагы Насипа Жыргалбекова атындагы орто мектебинин командасы ээлеп, медалдар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Эркектер арасында;

— 1-орунду Жаңы-Талап айылындагы Байымбет атындагы орто мектебинин командасы багындырып, кубок, медаль жана акчалай байге алышты.
— 2-орунду Кара-Бүргөн айылындагы Мукаш Базаркулов атындагы орто мектебинин командасы камсыздап, медаль жана акчалай сыйлыкка ээ болушту.
— 3-орунду Баетов айылындагы Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин командасы ээлеп, медаль жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.

1-орунду алган Жаңы-Талап айылындагы Байымбет атындагы орто мектебинин командасы

2-орунду алган Кара-Бүргөн айылындагы Мукаш Базаркулов атындагы орто мектебинин командасы

3-орунду алган Баетов айылындагы Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин командасы

 

 

Мындан тышкары, мыкты оюнчуларга жана улгайган оюнчуларга баалуу белектер, акчалай сыйлык тапшырылса, ал эми мелдешти өткөрүүгө салым кошкон Э.Карасартов жана Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин директорлоруна белектер тапшырылды.

Барчын Мамытбекова