“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Актаалада жетекчилик социалдык обьектилердин жылуулук менен камсыз болушун көзөмөлдөөдө

15 Январь 2026 жыл 19:03
Көрүүлөрдүн саны: 115

Ак-Талаа райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысы-аким Мирлан Камчыбеков Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Тал жана  Кадыралы айылдарындагы  мектеп, бала бакча жана ФАПтарда болуп, жылуулук менен камсыз болушу, тейлөөнүн абалы, бакчадагы балдардын  катышынан кабар алды.

Аким М.Камчыбеков  аталган айылдарда айыл аксакалдары, жаштары, жергиликтүү кеңештин айрым депутаттары менен жолугуп, аймакта көмүр, электр энергиясы, жергиликтүү көйгөйлөр тууралуу пикир алышты.

Кара-Ой айылынын тургундары

Кадыралы айылынын тургундары

Мындан сырткары  көмүрдун кымбат сатылып жатканын, аймакта чечилбей жаткан бир топ маселелер бар экенин жана айыл өкмөт башчысы айылдан (Кадыралы)  кабар албай жатканын айтышты.

Ошондой эле район жетекчиси Кош-Дөбө айылындагы бала бакча жана ооруканада болуп, бейтаптар, тарбиячылар менен жолукту жана бакчада  балдарга берилүүчү тамак-аш, өлчөмү, бакчанын маселелери тууралуу сүйлөштү.
Барчын Мамытбекова