Жыл сайын окуу жылынын 2-жарым жылдыгында мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын биринчи баскычы өтөт. Ага мектеп окуучулары бир нече предмет боюнча катышат. Эки күнгө созулуучу олимпиадада жеңүүчу болгон окуучулар, 2-баскычы-облустук туруна жолдомо алышат. Ал эми окуучуларды даярдоо мугалимдер үчүн өзүнчө түйшүктүү, талыкпаган эмгекти, энергия жана убакытты талап кылуучу процесс. Учурда мугалимдер окуучуларын даярдоо менен алек.

М.Балбаков атындагы орто мектебинде 21 жылдан бери кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенип келе жаткан Медина Рыскулбекова эки окуучусун даярдап жатат. Айтымында, кыргыз тили өзүбүздүн эне тилибиз болгону менен оор. «Кыргыз тилинин грамматикасы татаал. Сүйлөсөк эле оңой сезилет эмеспи. Колуман келишинче өзүм билген ыкмаларды, билимдеримди үйрөткөнгө аракет кылып жатам. Окуучудан да көп нерсе көз каранды. Биз мугалим багыт гана беребиз да, андан ары алып кетүү-окуучудан. Ошол себептүү окуучуларыбыз дагы олимпиадага, үйрөнүүгө жоопкерчиликтүү мамиле кылуусу зарыл деп ойлойм»- дейт М.Рыскулбекова.
Барчын Мамытбековаа