“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Талаада кой кайтарып жүргөн жаран карышкыр атып алган

18 Январь 2026 жыл 14:04
Көрүүлөрдүн саны: 104

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Терек айылынын тургуну Муратбек Эсенканов  Туюк-Коо чөлкөмүндө кой катарып жүрүп,  дөбөт карышкырды көрүп калган.  Аны аты менен кубалап отуруп, атып алган.

«Быйыл кышта 2 карышкыр аттым. Бул Терек аймагында ит-куштан тынч эле. Кара-Суу, Майстан чөлкөмүндө күч болуп жатыптыр. Жергиликтүү тургундардын чакыруусу менен мергенчилер уюшуп алып, карышкыр атууга чыгып жатабыз. Кечээ, 26-январь күнү кой кайтарып жүрсөм, ылдый жактагы малчылар «этекте 1 карышкыр жүрөт» деп кабарлашты. Дароо элеб баш жагын тосуп, ат менен кубалап барып, атып калдым. Дөбөт карышкыр экен», — деди Муратбек.

Карышкыр аткандарга сый акы берилет. Бирок Муратбек Эсенканов өзүнө да сый акы  бериле турганын, бирок качан экендиги тууралуу белгисиз экендигин кошумчалады.

Барчын Мамытбекова