Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Жаңы-Талап айылдык маданият үйү капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, кайрадан пайдаланууга берилди.



Аталган айылдагы Турсунбек Ибраимов атындагы айылдык маданият үйүнүн жетекчиси Миргүл Абылгазы кызынын маалыматына , бир нече жылдардан бери капиталдык оңдоодон өткөрүлбөй келе жаткан айылдык маданият үйүнүн имаратынын полу, жылуулук тутуму, каалга-терезелери алмашылып, сахна көшөгөсү, көрүүчүлөр отургучтары жана музыкалык аппаратурасы жаңыртылды.





Оңдоодон өткөн маданият үйүндө маданий иш-чара белгиленип жана коомдук саясий ишмер, репрессия туткуну болгон Турсунбек Ибраимов эскерилди. Иш-чаранын жүрүшүндө, «Соң-Көл шайыр апалары» элдик тобу, Байымбет атындагы орто мектебинин бийчи кыздары, жергиликтүү өнөрпоздорунун чакан концерт тартууланды. Ошондой эле, айылдык маданият үйүнүн оңдоо иштерине салымын кошкон маданият үйүнүн жетекчиси Миргүл Абылгазы кызына райондук маданият бөлүмүнүн сыйлыгы ыйгарылды.
Барчын Мамытбекова