“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ак-Талаада «Сармерден-2026» кыз-жигит оюну өттү

9 Февраль 2026 жыл 20:00
Көрүүлөрдүн саны: 98

Ак-Талаа райондук К.Султангазиев атындагы маданият үйүндө «Сармерден-2026» кыз-жигит оюнунун биринчи айлампасы өтүп, Ветборбор округунун кыздары жана Кара-Суу округунун жигиттери катышып, жергиликтүү обончулардын кайрыктары, патриоттук ырлар, улуттук бийлер жана жаңылмач, табышмак, макал-лакап боюнча акыл-өнөрлөрүн тартуулады.


«Сармердендин» жүрүшүндө  макал-лакап, жаңылмач, табышмак айтууда кыздар артыкчылык көрсөтүшүп, алдыга озушту.»Сармерден» кыз-жигит оюну Баетов айылындагы ар бир округдар арасында  өтөт.
Эскерте кетсек, аталган маданий иш чара КРнын Президентинин «Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик» Уңгужолун бекитүү Жарлыгынын алкагында  Ак-Талаа районунун 90 жылдык мааракесине карата уюштурулууда.

Мээрим Тентиева