“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Эми өнүктүрүү фондунан берилген каражаттарга мониторинг жүргүзүлөт

12 Февраль 2026 жыл 7:59
Көрүүлөрдүн саны: 85

Ак-Талаа райондук өнүктүрүү фондусунун биринчи отуруму өтүп, анда фонддун 2025-жылдагы аткарган иштери, ишке ашкан долбоорлор жана бөлүнгөн кражаттар тууралуу отчету угулду.

Андан соң фонддун жаңы курамы тааныштырылып, быйылкы  2026-жылы аткарылчу иштердин мерчеми түзүлдү. Ошондой эле алгачкы алты айына экономикалык жана социалдык багыттагы долбоорлор кабыл алынып, талкууланды. Мындан сырткары долбоорлорго берилген каражаттарды максаттуу жана туура пайдалануусун көзөмөлдөө боюнча атайын комиссия курамы түзүлдү. Мындан ары комиссия долбоорлордун ишке ашуусу боюнча жеринде мониторинг жүргүзөт.

Маалыматыка караганда  2025-жылы  райондук өнүктүрүү фонду аркылуу 15 долбоор  ишке ашырылып, 34 384 900 сом каражат бөлүнгөн.

Барчын Мамытбекова