Ак-Талаа районундагыЭ.Карасартов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде окуучулардын республикалык олимпиадасынын райондук II баскычы старт алып, ага райондогу 18 мектептен жалпы338 окуучу 10 предметтен билимдерин сыноодо.

Акимдин орун басары К.Эсеналиев, райондук БББнүн башчысы Ж.Сыдыков окуучуларгы ийгилик каалады жа билимдүүлөр жеңерин белгиледи.

Акимдин орун басары К.Эсеналиев

Окуучулардын коопсуздугун РИББнүн кызматкерлери көзөмөлдөйт

Маалыматка караганда райондук билим берүү бөлүмү тарабынан 50 мугалимден турган предметтик жана талаш-тартыш комиссиялары түзүлүп, жүрүшү видеобайкоодон көзомөлдө болот. Мындан сырткары дайындалган жаш мугалимдер администратор катары иш алып барат.Олимпиаданын II баскычына мектептеги этабында алдынкы орундарды жеңип алган окуучулар катышууда. Билим сынагы 2 күнгө созулат.
Жеңүүчүлөр олимпиаданын 3-баскычына жолдомо алат.
Барчын Мамытбекова