Жамийла Акирекова жакындан бери Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунда рентгенолог, онколог болуп эмгектенет. Ал рак оорулары, себептери, дарылоо, алдын-алуу, райондогу абал тууралуу айтып берди.
Дарыгердин айтымында рак ооруларынын пайда болушуна 3 фактор- физикалык, физикалык, химиялык заттар таасир этет. Нарын облусунда 1-орунда ашказан, 2-орунда жатын моюнчасынын жана өпкө рагы кездешүүдө. «Былтыр райондо 202 учур катталса 56 каза болгон. Негизги белгилери, салмактын түшүшү, бат арыктап, алсырап, теринин да өңү өзгөрө баштайт. Рак ооруларынын белгилери локализацияга байланыштуу болот» деди.
Барчын Мамытбекова