Ак-Талаа районундагы Нурак Абдырахманов атындагы балдар музыкалык мектебинде комуз чертүү сынагы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды.


Аталган мектептин комуз ийриминин башчысы Кундуз Карагулованын айтымында, жогорку класстын окуучулары арасында «Комуз күүсү — муундардын мурасы» аталыштагы комуз күүлөрүн чертүү боюнча сынак уюштурулду. Сынакка катышкан окуучулар залкар күүлөрдү жана айдама күүлөрдү аткарышты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана диплом ыйгарылды.

Айтумар Балтабаева

Өмүрзакова Адеми

Жаныбекова Аяна

Айназик Албыекова жана Кундуз Карагулова(ондо)

— Баш байгени Айназик Алыбекова багындырса, 1-орунду Айтумар Балтабаева жеңип алды. Ал эми 2-орунду Адеми Өмүрзакова жана Аяна Жаныбековалар камсыз кылышты. 3-орунга Нурак Макилов жана Аруузат Табрисовалар ээ болушту.
Барчын Мамытбекова