Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылынан чыккан балбан кыз эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште алтын медалдын ээси болду.

Аталган айылдын активисти Сыртбек Ысмагул уулунун айтымында, Швецияда өткөн «Klippen Lady Open» кыз-келиндер арасында эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште өспүрүм кыздар арасында 49 килограмм салмактагылар арасында күч сынашкан Токтосун кызы Асель алтын медаль утту.
Ал буга чейин дагы өткөн жылы өспүрүмдөр арасында 3-Азия оюндарында күмүш медалдын ээси болгон.
Барчын Мамытбекова