Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айыл аймагын караштуу Жаңы-Талап айылындагы Т.Ибраимов атындагы маданият үйүндө «Ак Мөөр-2026» сулуулар сынагы өтүп,ага 14 жаштан 17 жашкачейинки кыздар катышты. Маданият үйүнүн башчысы Миргүл Абылгазиеванын айтымында сулуулар сынагы улуттук наркты, тилди, каада-салты, үрп-адатты ыйык сактоо менен айтылуу Соң-Көл периси аталган Ак Мөөрдүн сулуулугун даңазалоо максатында уюштурулду.


«Сынактын атайын жобосуна ылайык катышуучулар 4 тапшырма боюнча сындан өтүп, өнөрлөрүн көрсөтүштү. Жүрүшүндө калыстар тобу тарабынан аткаруу чеберчилиги, алып жүрүүсү, нукура сулуулугу бааланып, жеңүүчүлөр сынактын райондук туруна атышууга жолдомо алышты.
Барчын Мамытбекова