“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Экономикалык кербендин алгачкы сапары Акталаада

19 Февраль 2026 жыл 20:05
Көрүүлөрдүн саны: 37

Бүгүн Ак-Талаа районундагы К.Султангазиев атындагы маданият үйүндө КРнын Нарын дубанынын башчысы Нурбек Сатаров «экономикалык кербен» долбоорунун алкагында Ак-Талаа районунун тургундары, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары  менен жолугушту.

 

Дубан башчы жүргүзүлгөн иштер тууралуу кыскача маалымат берип, облустун аймагында мурда башталган курулуштарды аягына чыгарууга болгон аракеттер жасаларын айтты. Жолугушуунун жүрүшүндө «Теңир-Тоо өнүктүрүү» фонду тарабынан ишке ашкан долбоорлор, насыя алуудагы кепилдиктер, кезекке туруунун шарттары, насыянын пайыздары, агро азык-түлүк кластерлерин туруктуу өнүктүрүү долбоорлору, жеңилдетилген туруктуу насыялар жөнүндө тийиштүү адистер маалымат беришти.

Айрым тургундар банктардын насыя берүүдөгү талаптары тоолуу-шарттагы район үчүн ыңгайсыз жана насыя каражатынын өлчөмүн көбөйтүүнү суранышты.  Мындан сырткары аймактагы бүтпөй жаткан курулуштар тууралуу маселелер айтылды.

Барчын Мамытбекова