Ак-Талаа районунда Ак-Талаа көмүр» мамлекеттик ишканасы тарабынан аз камсыз, шарты оор, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жана жалгыз бой энелерге 1тоннадан көмүр таратылды.


Аталган ишкананын жетекчиси Жолой Кубанычбековдун маалыматына караганда Баетов айылындагы көмүр базадан 43 үй-бүлөгө көмүр берилди. «22 тн көмүр отунун айыл өкмөттөр муниципалдык ишканалардын техникалары менен жүктөп кетишти. Ал эми 21 тн Баетов, Кайыңды-Булак айылдарындагы үй-бүлөлөр алды» деди.
Барчын Мамытбекова