Ак-Талаа районундагы Э.Карасартов атындагы жалпы билим берүүчү мектебинде окуучулар арасында «Megamozg Cup» интеллектуалдык акыл таймашы өтүп, ага райондогу 9-11-класстын окуучуларынан турган 6 команда катышты.

Таймаштын жүрүшүндө райондук жана эл аралык деңгээлди камтыган, окуучулардын ой жүгүртүүсүн сыноого багытталган логикалык суроолор берилди.


Жыйынтыгында,
1-орунду Б.Мүсүралиева атындагы жалпы билим берүү мектеби;
2-орунга Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектеби;
3-орун Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебинин жалпы билим берүү мектеби;
Алдыңкы орундарды камсыз кылган командаларга ыразычылык кат жана белектер тапшырылып, акыл таймашынын облустук туруна катышууга жолдомо алышты.



Алдыңкы орундарды камсыз кылган командаларга ыразычылык кат жана белектер тапшырылып, акыл таймашынын облустук туруна катышууга жолдомо алышты.
Бул долбоордун демилгечиси жана уюштуруучусу Эрлан Алтыбаевдин маалыматына караганда акыл таймашын уюштуруудагы негизги максат-окуучулардын логикалык ой-жүгүртүүсүн, билимге кызыгуусун, командада иштөөсүн өнүктүрүү. Учурда бул акыл таймашы облустун бардык райондорунда өтүүдө.

Акыл таймаштын соңунда Баялы Шамурзаев кесип тандоодо эмнеге, кандай жагдайларга көңүл буруу керектиги жана Алибек Тургунбаев максат коё билүү келечек үчүн маанилүү экендиги тууралуу кеп-кеңештерин айтышты.
Барчын Мамытбекова