“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Нарын дарыясынын жээгинде кооптуулук жараткан тилкелердин долбоору даярдалат

2 Март 2026 жыл 20:39
Көрүүлөрдүн саны: 86

Кечээ  КРнын  Өзгөчө кырдаалдар министри Генерал-майор У.Шамырканов иш сапары менен  Ак-Талаа районунда  болуп, Нарын дарыясынын жээгиндеги кооптуу тилкелери менен таанышып кайтты.

Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Таштан Мокеевдин маалыматына караганда  У.Шамырканов Тоголок Молдо айыл аймагындагы айыл чарба жерлерин жана Ак-Тал-Чат-Казарман унаа жолун жеп, кооптуу абал жараткан  Нарын дарыясындагы жээк эрозияларын, ошондой эле Ала-Буга айыл аймагына караштуу Чолок-Кайың айылындагы Шырдакбек сайынын жээк эрозиясын көрдү.

Аталган жээк эрозияларын коргоо боюнча  райондун жетекчилиги менен макулдашууларды жүргүзүп, капиталдык курулуштун долбоорлорун тез арада даярдоону тапшырды.

Мындан тышкары Ак-Талаа районунун Баетов айылында жаңы курулуп жаткан  райондук  Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн жаңы имаратынын курулушу менен таанышты.

Барчын Мамытбекова